«Meikin TALK 2025» форуму: идеялар, өнүгүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эки күнү
FSDS коомдук фонду тарабынан «Аярлуу үй-бүлөлөрдү социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү» долбоорунун алкагында уюштурулган «Meikin TALK 2025» форуму жаш лидерлерди, активисттерди, стартаперлерди жана долбоордун бенефициарларын бириктирген маанилүү аянтча болду.
Форумга ар кайсы аймактардан 50дөн ашык катышуучу катышып, өз ара тажрыйба алмашып, жаңы демилгелерди талкуулап жана байланыштарын бекемдей алышты.
Биринчи күн командалык оюндарга, тимбилдингге жана катышуучулардын ортосундагы коммуникацияны чыңдоого арналды.
Экинчи күнү кейстер талкууланып, идея алмашуу, интеллектуалдык таймаш жана жасалма интеллект (ИИ) боюнча атайын сессия өткөрүлдү.
Форумдун өзгөчө бөлүктөрүнүн бири — биринчи кыргыз тилдүү ИИ-ассистент AkyAI’дын негиздөөчүсү Тимур Тураттын катышуусу болду. Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар жасалма интеллект технологиялары аймактардагы жаштар үчүн кандай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын, ошондой эле анын билим берүү, бизнес жана күнүмдүк жашоого тийгизген таасирин талкуулашты.
«Meikin TALK 2025» форуму билим алуу жана диалог жүргүзүүчү аянтча гана болбостон, жаштарга дем берип, жаңы максаттарга шыктандырган маанилүү иш-чарага айланды.
FSDS коомдук фонду форумдун ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон бардык катышуучуларга, спикерлерге жана өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирет.